Бүгүн, 11-июнда депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин жыйынында Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевдин кылык-жоруктары тууралуу маселе көтөрүп: "Район акими өзүнүн сүрөтүн жана гимни басылган күндөлүк чыгарып, мектеп окуучуларына таратып жатыптыр",- деп айтып чыкты. Ал эми район акими SUPER.KG порталына байланышка чыгып, депутаттын айткандарына жооп катары буларды билдирди: "Күндөлүккө менин сүрөтүм басылып чыкканы чын, бирок жалгыз гана мен эмес, башка райондун башчылары жана айыл өкмөт жетекчилери да ушундай кылган. Кыргыз тилдүү журналдардын бири акция өткөрүп, республика боюнча акимдердин каалоо-тилектерин жайгаштырып күндөлүк чыгарып жатабыз дешкенинен макул болуп, каалоо-тилегимди айтып койгом. Бирок сүрөтүмдү берген эмесмин, редакция өзү кошуптур. Ал эми гимн тууралуу анда эч нерсе жок. Кадимкидей эле мамлекеттик гимн жайгашкан, анан менин каалоо-тилегим жазылган. Бул боюнча териштирүү иши жүрүп, соттук иштер болду. Анда сот мага карата "эч кандай күнөөсү жок" деген чечим чыгарган.
Ал эми депутат ушинтип саясатташтырбай, андан көрө өлкөнүн экономикасын көтөрүү тууралуу сүйлөшү керек эле да. Буга чейин да бир топ басылмаларга мени жамандап жазышты. Аким болгонума 3 жыл болсо, ошол убакыттан бери жамандап жүрүшөт. Мына эми дагы көтөрүп жатышат. Бул парламенттик шайлоого карата жасап жаткан оюндары".
Айдаралиев өз сөзүндө жогоруда аталган окуу күндөлүгүн мектеп окуучулары бир жыл пайдаланганын жашырган жок.
"Былтыр сентябрь айында чыгарылып, колдонулду. Азыр ал жарактан чыгарылды",- деди ал.