Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруу мекеменин статс-катчысы
Бакытбек Сагынбаевге убактылуу жүктөлдү. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы
Алмазбек Атамбаев кол койгонун 11-июнда президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Айта кетсек, Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы директору Аалы Карашев өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазгандан кийин президент 18-майда аны кызматтан бошоткон.