Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кол койгон буйрукка ылайык, Данияр Шейшеканов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматынан бошотулду. Ал кызматка Чыңгыз Кубатбеков дайындалды.