Депутат Баатырбеков: "Нарын шаарындагы чоң жолдун четине тротуар куруу зарыл"

"Бишкек-Торугарт жолунун Нарын шаарындагы тилкесине жол коопсуздугунун алдын алуу үчүн тротуар куруу зарыл”. Депутат Алмазбек Баатырбеков Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында ушундай маселе койду. 

Жыйында айтылган маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Бишкек-Торугарт жолунун курулушу Нарын шаарынан чыга бериштеги Шаркыратма тилкесинде башталды. Бул тилкенин сол жагы жар. Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар жол коопсуздугун эске алып, Бишкек-Торугарт жолунун бул тилкесине тротуарды кошо курууну суранып жатышат. Анткени Шаркыратма аймагындагы жергиликтүү тургундар чоң жол аркылуу шаардын башка аймактарына, окуучулар мектепке катташат. Тротуардын жоктугунан, тилекке каршы, бул аймактарда жол кырсыктары болуп келет.

"Эми жол асфальтталса, унаалар дагы чоң ылдамдыкта жүрөрү турган иш. Азыркы учурда бул аймактагы жолдун курулушу башталып жатканда долбоорго түзөтүү киргизип, тротуар, унаа ылдамдыгын азайтууну шарттаган атайын тосмолорду кошо куруп кетүү максатка ылайык”,- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан