Алмазбек Атамбаев “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга (Салык кодексине, Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө) кол койду. Бул тууралуу 11-июнда президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.
Мыйзамдын негизги максаты - ишкердиктин катышуучулары жөнүндө, тактап айтканда, алардын бюджетке салыктарды төлөгөндүгү тууралуу маалыматтардын ачыктыгы, кайтарылуучу камсыздандыруу сыйлыктарын жана төлөп берүүчү суммаларды, ошондой эле ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган жеке жак менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммаларын жана ордун толтуруу каражаттарын салыктан бошотуу.