Депутат: "Тогуз-Торо районунун Кылдоо аймагында 5 тонна алтын бар"

"Макмал" комбинатынын жетекчилиги Кылдоо деген жердеги кенди иштетүү маселесин чечип берүүнү өтүнүүдө",- деп билдирди депутат Нурбек Касымбеков Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында. Депутаттын айтымында, иштеп жатканына 29 жыл болгон Тогуз-Тородогу "Макмал" алтын кен комбинатында абал кыйла оорлошуп турат. Кен азайгандыктан, чыгашасы көп болууда. 
"Кылдоодо 5 тонна алтын бар. Өкмөт жерди трансформациялоо маселесинин чечилишин тездетиши зарыл. Бул маселе чечилсе, жергиликтүү калк жумуш менен камсыз болот",- дейт депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан