"Демократиялык принциптердин негизи - бул парламентаризм". Мындай пикирин бүгүн, 11-июнда парламенттик демократияны өнүктүрүүгө арналган эл аралык конференцияда Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков айтты.
"Кыргыз мамлекети парламенттик демократияны жөн жерден тандаган эмес, анткени мындай саясат кыргыз элине сиңип калган. Эл бардык маанилүү чечимдерди курултайларда кабыл алган",- деди депутат.
Мындан тышкары ал демократиялык принциптерди өнүктүрүүдө "легендарлуу" парламент негизги ролду ойногонун баса белгилеп, "азыркы парламент өзүнүн милдеттерин татыктуу аткарды" деп толуктады.
Айта кетсек, аталган конференция "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. Анда президент Алмазбек Атамбаев, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, өлкөнүн бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, саясий серепчилер жана башкалар катышууда. Ал эми конференциянын ардактуу коногу катары Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун катышып жатат.