Кочкор-Ата шаарынын борбордук стадионуна 10 миңден ашуун эл чогулду

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын борбордук стадионуна 10 миңден ашуун эл чогулду. Буга аталган аймакка өзгөчө көңүл бөлүп, дыйкандарды колдогон "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлдөрү келишкени себеп болду. Күн өткөн сайын курамы чыйралып бараткан партиянын мүчөлөрү бул күнү талапташтарын кубантышты, анткени алардын катары таза, коррупцияга малынбаган инсандар менен толукталууда. 
Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, эл алдына "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев, ЖКнын депутаттары, аталган партиянын мүчөлөрү Мирлан Бакиров, Тынчтык Шайназаров чыгышты. Ошондой эле партиянын мүчөсү, “Саламат” корпорациясынын президенти Медербек Сабиров, партиянын Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Абдыкадыр Мамаджанов, Жалал-Абад облусу боюнча координатору Кубанычбек Жолдошев, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району боюнча куратору Мурат Жетимишбаев, Нарын облусу боюнча куратору Алтынбек Жунус уулу, коомдук ишмер Нурболот Кутманов, Базар-Коргон районунун координатору Максат Мурзаев, Ноокен районунун координатору Замирбек Анарбаев, жергиликтүү кеңештин төрт жолку чакырылышынын депутаты Мейкинбек Абдалиев, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты Кабылжан Кимсанбаев, жергиликтүү кеңештин депутаты Элияр Салиев, Шамалды-Сай шаарчасынын башчысы Данияр Садырбеков, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин “Өнүгүү”  фракциясынын жетекчиси Данияр Назаров жана Базар-Коргон районунун координатору Нияз Арзыбаев катышты. 
Жолугушууда Бакыт Төрөбаевдин жардамы менен 12 жолу операция жасалып, аман калган Нурмухаммед Сапарбаевдин ата-энеси партия төрагасына ак калпак кийгизип, ак чапан жапты. 

кошулду
"Өнүгүү-Прогресс" дыйкандарды колдогон жалгыз партия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
sergo
2015-06-12 03:39:48
Кочкор ата суйуктуу шарымда болуптурдааа
+1
Aida91
2015-06-12 09:07:46
Менин шаарым,менин жерим!Ушул стадион Бабанов премьер-министр болгодо Исхак Пирматовго жазаткан жана ошондой эле сонун санатория ачып бериншкен.Азыр Кыргызстандын ар четинен келип дарыланышат.
-1
subanov
2015-06-12 09:55:08
Ишене турган ушул партия болуп калды окшойт а
0
subanov
2015-06-12 09:57:49
Ушул партияны колдогула айыл чарбаны которбосок экономика алдыга жылбайт бул партия быйыл эле эмес 2-3 жылдан бери элдин кызматында
-1
Samat81989
2015-06-12 10:17:46
ущул партя эле иштеп жатат азыр
-2
admin_portal
2015-06-12 10:22:26
Баардык колдонуучуларга эскертүү1
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
+1
baba.
2015-06-12 12:12:17
Мына сага эл колдогону учун чыкты да.Кээ биркилерге зордоп чыгарса да мынча эл чыкпайт.Ийгилик коштоп журсун силерди!!!
0
Sultanim
2015-06-12 13:05:16
Кочкората дегенде журогум башкача согот да...)
0
medina.
2015-06-12 13:13:22
Ушу партияга ишеним артам.Кудай буйруп шайлоодон отуп кетсе экен.
+1
djamilia
2015-07-15 07:35:34
Коскор ата санаториясы тууралуу толук маалымат жазсаныздар супер инфо
0
admin_portal
2015-07-15 10:04:28
djamilia, саламатсызбы!
Маалымат бергенге аракет кылабыз. Бирок туш келди жакка бир суроону эле калтыра бербесеңиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан