Таласта 19 жаша 18 жаштагы уландар алдамчылыкка шектелип кармалышты. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 36 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал 27-апрелде саат 13:00 чамаларында үйүнө келген эки жаш бала уюлдук компаниялардын биринин SIM картасын сатышканын, аны каттоо учурунда 15 миң сом онлайн кредит алып, өздөрүнө которуп алышканын айткан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.