Быйыл дем берүүчү гранттардын эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 206 долбоору ишке ашырылат

Дем берүүчү гранттарга 2015-жылдын бюджетинде 500 миллион сом каралган. Бир долбоорго үлүштүк гранттын максималдуу суммасы 3 миллион сомдон ашпоого тийиш. Бул тууралуу 11-июнда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Гранттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сынактык негизде инфраструктуралык долбоорлордун капиталдык чыгымдарына берилет. Гранттарды алууга сынак эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта берилген документтерди каттоо, ал эми экинчи этапта кошо каржылоо үчүн долбоорлорду баалоо, тандоо жана бекитүү жүзөгө ашырылат.

2015-жылы үлүштүк гранттардын эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 206 долбоору ишке ашырылат.

Дем берүүчү гранттар – бюджеттик каражаттарды, приоритеттүү программалар жана долбоорлор боюнча каражаттарды натыйжалуу коротууга жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүүгө жана кирешелердин жергиликтүү булактарын толугураак мобилизациялоого дем берүү максаттарында республикалык бюджеттен өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү трансферттер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан