Президенттин атынан Баткен облусундагы айылдык спорттук залга 300 миң сомдук спорттук буюмдар тапшырылды
Бүгүн, 13-июнда Баткен облусунун Баткен районундагы Чек айылында спорттук залдын ачылыш салтанаты өткөрүлдү. Бул спорттук залга мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин атынан 300 000 (үч жүз миң) сомдук спорттук инвентарь тапшырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.