Бишкекте 3 адамдан турган кылмыштуу топ тузакка илинди

ИИМдин кызматкерлери ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде батирге уурулук кылып, унаа уурдоо иштери менен алектенген куралдуу кылмышкерлер тобун колго түшүрүштү. Ушул жылы октябрь айынын аягында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өкүлдөрү атайын операция учурунда Бишкектен 1982-жылы туулган Б.Э., 1987-жылы туулган Р.Н., 1987-жылы туулган О.Т. аттуу адамдарды колго түшүрүштү. Кылмышка шектүү жарандардан 8 даана огу менен ТТ үлгүсүндөгү тапанча табылды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган 3 адамдан турган топ 5-октябрда Ысык-Ата районунун Люксембург айылындагы үйлөрдүн бирине кирип, 175 миң сом акча, газ тапанча, кийим жана үй ээсинин Мицубиси Паджеро үлгүсүндөгү унаасын уурдап чыкканы белгилүү болду. Мындан башка да бир топ кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталды, учурда иликтөө иштери уланып жатат.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан