Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 15-июнда Улуттук банк менен биргеликте КРнын Банк кодексинин долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү. Депутат Марат Султанов кодекстин долбоорун даярдоо иштери көптөн бери жүрүп жатканын, Улуттук банк менен көптөгөн сүйлөшүүлөр жүргөнүн, парламент тарабынан 100дөн ашуун сунуштар киргизилгенин маалымдады. “Биз баарыбыз банктар коомдук ишканалар экенин түшүнөбүз, андыктан биз аманатчылардын да, инвесторлордун жана бул чөйрөдөгү ишкерлердин да кызыкчылыгын эске алышыбыз керек. Кодекс бардык банк жөнүндөгү мыйзамдарды бир системге топтоштуруу боюнча өз маалындагы демилге болду”,- дейт Султанов.
Депутат кодекстин долбоорун кароодо Улуттук банк келечекте узак мөөнөттөгү экономикалык өсүшкө жооп беришине басым жасалгандыгын белгиледи.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Банк кодекси республиканын банктык мыйзамдуулугунун “флагманы” катары мамлекеттин банк жана банк ишмердүүлүгү тууралуу мыйзамдарынын негизин аныкташы керектигин кошумчалады.
“Банк кодекси баарынан мурда туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүүдөгү банк системинин багытталышына максатталган. Жыйынтыгында аны кабыл алуу менен банк системине жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна калктын, ички жана сырткы инвесторлордун ишенимин арттыруу болжолдонууда”,- дейт Абдыгулов.