2015-жылдын январь-май айларында республикалык бюджетке ресурстардын түшүүсү 39 миллиард 456 миллион 900 миң сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Каржы министрлигинен билдиришти. Түшкөн ресурстардын басымдуу бөлүгүн төмөнкүлөр түздү:
Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан түшүүлөр – 35,9 пайыз;
Мамлекеттик салык кызматы тарабынан түшүүлөр – 32,3 пайыз;
Мамлекеттик казыналык векселдерден түшкөн кирешелер – 6,6 пайыз;
Бюджеттик ссудаларды кайтаруудан түшүүлөр – 3,5 пайыз.
"Салыктык түшүүлөрдүн жалпы көлөмү 26 миллиард 902 миллион 500 миң сомду түздү же план 102,1 пайызга аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу киреше 2 миллиард 673 миллион 900 миң сомго көбөйдү. Мамлекеттик бажы кызматы боюнча түшүү 14 миллиард 153 миллион 500 миң сомду түздү же пландын аткарылышы 101,7 пайызды камсыздады",- деп билдирет мекеме.