Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоону өткөрүүнүн күнүн белгилөө маселеси талаш-тартыш жаратууда

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 16-июндагы отурумунда быйыл күзүндө өтчү парламенттик шайлоонун датасын белгилөө маселеси талаш-тартыш жаратты.
Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, шайлоо күнүн бекитип, буга тезирээк чекит коюу керек. "Депутаттын конституциялык мөөнөтүн шайлоо күнүнөн тарта баштоо туура эмес. Шайлоонун жыйынтыктары расмий түрдө жарыялангандан кийин депутаттык мөөнөтү башталды деп эсептесек болот. Же болбосо Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйыны өткөн күнүнөн тарта эсептесек туура",- деп сунуштады Бекешев. 

Депутат Нурбек Касымбеков коомчулукта шайлоо кайсы күнү болору талкуу жаратканын айтты. "Мыйзам менен шайлоо күнүн белгилеш керек. Депутаттык мөөнөттү биринчи отурумдун күнүнөн баштап эсептегенибиз туура. Эгер азыркы чакырылыштын биринчи отуруму 2010-жылдын 10-ноябрында болсо, анын конституциялык мөөнөтү 2015-жылдын 10-ноябрында токтотулушу керек",- деп мисал келтирди Касымбеков.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров депутаттардын сунуштары менен макул болгон жок. Ал "депутаттардын мөөнөтү шайлоо күнүнөн тарта башталат" деген өз позициясын билдирди. "Бул маселени чечиш үчүн тиешелүү мыйзам кабыл алып, шайлоо күнүн айдын акыркы жекшембисине эмес, биринчи жекшемби күнүнө бекитүү керек. Ошондо 4-октябрда шайлоо өтөт",- деп айтты Бекбасаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан