Бүгүн, 16-июнь күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Кытай Эл Республикасынын Кашкар округунун губернаторунун орун басары Чэнь Дзицзян жетектеген делегация өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Аскаров Ош шаары эки өлкөнүн жана эки шаардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Ал Кытай тараптын шаардын экономикасынын өнүгүшү үчүн маанилүү болгон бирдиктүү долбоорлорго жигердүү катышып жаткандыгын айтты.
“Кытай Эл Республикасы менен кыргыз жергесинин, анын ичинде Ош жана Кашкар шаарларынын соода-экономикалык, маданий жана достук байланыштары күн санап бекемделип жаткандыгы мени кубандырат. Эки тараптуу тыгыз кызматташуунун алкагында тараптардын кызыкчылыктарына төп келген ишкердик мамилелерге кеңири жол ачылууда”,- деди биринчи вице-мэр.
Кашкар округунун губернаторунун орун басары Чэнь Дзицзян мырза өз кезегинде шаардык мэриянын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кашкар округунда ушул жылдын 26-28-июнь күндөрү өтүүчү 11-Эл аралык Кашкар жарманкеси тууралуу маалымат берди.
“Ош шаары өзүнүн тарыхый-географиялык өзгөчөлүктөрү, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, маданияты, каада-салты менен Улуу Жибек жолу аркылуу Европа менен Азияны байланыштыруучу негизги транспорттук, экономикалык карым-катнаштардын борбору болуп келүүдө. Учурдагы Ош шаарына болгон расмий иш сапарыбыздын негизги максаттарынын бири эл аралык соода тармагынын жаңы жолдору, жаңы багыттары боюнча сунуш-пикирлерди айтып, ой бөлүшүү болуп эсептелет”,- деди Чэнь Дзицзян.
Мындан сырткары эки шаардын ар тараптуу кызматташтыгы, саясий, социалдык жана экономикалык мамилелер тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.