Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо партиялардын тизмесин өзгөртүүсүз калтыруу демилгеленди

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин 16-июндагы отурумунда "Жергиликтүү кеңештердин депутаттардын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды.

Демилгечи депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдын ичиндеги карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыккан. "Колдонуудагы мыйзамга ылайык, шайланган депутат талапкерлердин тизмесиндеги өзүнүн кезектүүлүгүн өзгөртүүгө укуктуу. Ошол эле учурда талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү аймактык шайлоо комиссиясында каттоодо белгиленген тизмедеги талапкерлердин жайгашуусунун тартибине ылайык жүргүзүлөт. Тажрыйба көрсөткөндөй, партиялар бекитилген квоталарды бузуу менен бул механизмди айылдык кеңештердин гана деңгээлинде колдонбостон, аны шаардык деңгээлде да колдонууда",- деди Алтыбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан