"Түндүк электр" ишканасы кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин улантууда. Мекеменин билдиришинче, жогорку кубаттуулуктагы көмөк чордондорду күчтөнтүү иштери жүрүп жатат. Бишкек шаарындагы "Центральная-6" көмөк чордонуна 16 000 киловольт-ампер кубаттуулуктагы трансформатор коюлары, буга чейин 10 000 киловольт-ампер кубаттуулуктагы трансформатор иштеп келгени айтылды. Мындан тышкары "Беловодская-2" көмөк чордонуна да 16 000 киловольт-ампер кубаттуулуктагы трансформатор коюлмакчы. "Кыш мезгилине чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 15 жогорку кубаттуулуктагы көмөк чордондордо трансформаторлорду алмаштырууга мүмкүнчүлүк бар",- деп билдирет мекеме.