16-июнда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде кыргыз мамлекетинин аймагына кирген чет өлкөлүк жана ата мекендик жүк ташуучу автоунаалардын баарына бирдей атайын төлөм киргизүү чараларын камтыган мыйзамдын долбоору каралды. Ал үчүн “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”, “Жол фонду жөнүндө”, “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамдарга, КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.
Депутат Марат Султановдун айтымында, чет өлкөлүк жеңил автоунааларды ата мекендик жеңил автомашиналардай эле атайын төлөмдөрдөн бошотуу сунушуна өкмөт өкүлдөрү макул болушту. Анткени ал туристтик мезгилде чет өлкөлүк туристтер үчүн кыйла ыңгайсыздыктарды жаратып, алардын санынын кыскарышына алып келет. Анын үстүнө Евразиялык экономикалык биримдиктен тышкары Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк соода уюмунун да мүчөсү болуп саналат.
Жыйынтыгында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорунун концепциясы биринчи окууда жактырылып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.