Мамлекет жолдорду оңдоого жыл башынан бери 804 миллион сом бөлдү

2015-жылдын январь-май айларында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоого жана кароого республикалык бюджеттен 804 миллион сом бөлүндү, мунун ичинде “имараттар жана курулмалар” беренеси боюнча 768,5 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлиги 16-июнда билдирди. "Берилген бюджеттик каражаттардын башкы бөлүштүрүүчүсү болгон Транспорт жана коммуникация министрлиги жыл сайын унаа жолдорун жана жол курулмаларын оңдоонун титулдук тизмесин өз алдынча түзүп, капиталдык салымдар боюнча каражаттарды жумшоонун жана өнүктүрүү бюджетинин приоритеттүүлүгүн аныктайт",- деп билдирет мекеме.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан