Депутаттар борбор шаардагы Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Наталья Никитенко жана башкалар бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Калкты тейлөө борборунда болушуп, мекеменин иши менен таанышышты. Никитенко жарандарга паспорт даярдоо боюнча мобилдүү топтордун зарылдыгы тууралуу пикирин айтты. "Мобилдүү топтор тууралуу кампанияны жандантуу зарыл. Жарандар бул топтор тууралуу маалыматка ээ болбой, алардын кызматын пайдалана албай жатышат",- деди депутат.  
ЖКнын билдиришинче, жолугушууда биометрикалык маалымат тапшырган жарандардын саны, калктын маалыматка ээ болуу көрсөткүчү, алынган өздүк маалыматтарды сактоо тууралуу пикир алышуу орун алды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан