Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз Республикасы менен Австралиянын футбол командаларынын беттеши өтүүдө. Оюндун биринчи бөлүгү (1-тайм) Австралиянын алдыга чыгуусу менен аяктады. Эсеп 1:0. Голду
Майл Эдинак киргизди.
Стадионго эл жык-жыйма толуп, батпай калгандары оюнду сырттан көрүшүүдө. Айта кетсек, оюнга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев да көз салып отурат. Оюндун жүрүшү тууралуу өкмөт башчыга КРнын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов маалымат берип жатат.