Парламентте күч түзүмдөрүнүн милдетин мыйзамдуу аныктоо сунуш кылынды

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште аскердик абал жана өзгөчө абал жарыяланганда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга катыша турган аскердик түзүмдөрдүн милдетин аныктоого багытталган конституциялык мыйзам долбоору каралды.

Демилгечилердин айтымында, “Аскердик абал жөнүндө”, “Өзгөчө абал жөнүндө” конституциялык мыйзамдарга "Генералдык штаб" деген сөз кошулуп, ошондой эле аскердик абал жана өзгөчө абал жарыяланганда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга катыша турган аскердик түзүмдөрдүн аталыштары такталып берилип жатат.

Ошону менен бирге президент "КРнын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы" катары, Коргоо кеңеши "конституциялык жана консультативдик орган" катары, Генералдык штаб "өзгөчө кырдаал учурунда Куралдуу күчтөрдү оперативдүү башкаруунун жана координациялоонун башкы органы" катары белгиленүүдө.

Талкуунун жыйынтыгында бул мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан