Парламентте жаңы комитет төрагалары шайланды

Бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттар жашыруун добуш берүү жолу менен жаңы комитет төрагаларын шайлашты. Алар төмөнкүлөр: Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы - Жусупали Исаев (КСДП); Сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрагасы - Токтогул Туманов (КСДП); Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы - Дамира Ниязалиева (КСДП); Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы - Айнуру Алтыбаева ("Ар-намыс"); Коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы - Токон Мамытов ("Ар-намыс"); Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы - Каныбек Иманалиев ("Ар-намыс"); Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы - Каныбек Осмоналиев ("Ар-Намыс"); Отун энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы - Кожобек Рыспаев ("Ар-намыс"); Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы - Анарбек Калматов ("Ар-намыс"); Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча комитетинин төрагасы Эркинбек Алымбеков ("Ата Мекен"); Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча комитетинин төрагасы - Сайдулла Нышанов ("Ата Мекен"); Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы - Карганбек Самаков ("Ата Мекен"); Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы - Ахматбек Келдибеков ("Ата Журт"); Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы Кенжебек Бокоев ("Республика"). 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан