Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Айнура Ахметова 17-июндан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Айнура Ахметова Чүй облусунун райондор аралык сотуна 2015-жылдын 17-июнунан баштап судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди.