Эртең Аскер институтунун алтынчы бүтүрүүчүлөрүн узатуу аземи орун алат

Эртең, 20-июнда Бишкек шаарынын эски аянтында Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун алтынчы бүтүрүүчү курсанттарына арналган салтанаттуу иш-чара болот. Анда катар тизилген рота колонналары оркестр маршы менен чыгып, окуу жайынын Күжүрмөн Туусун тосуп алышат. Ушул күнү 101 бүтүрүүчү курсант погонун жаркыраган лейтенант жылдызчасына алмаштырып, өкмөт өкүлдөрү менен өлкөнүн аскер жетекчилигинин колунан жогорку билими тууралуу дипломдорун алышат.

Салтанаттын адаттагы аземи аяктагандан кийин жаш офицерлер баш кийимдерин колуна алып, тизе бүгүп таазим кылуу аркылуу Аскер институтунун Күжүрмөн Туусу менен коштошушат. Бул аскердик ритуал менен өз даректерине карата айтылган куттуктоолордон кийин жаңыдан эле наам алган лейтенанттар аскердик оркестрдин коштоосунда аянттан салтанаттуу басып өтүшөт. Андан соң кубаныч ээлери офицердик вальсты бийлөө менен майрамдык салтанатты жыйынтыкташат. 

Бул жылы окууну 4 курсант "эң мыкты" деген баалар менен аяктап жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sezim.A
2015-06-19 18:24:43
Супер инфо мен качан "Саясат,коом,экономика"рубрикасына комментарий жаза алам?
0
admin_portal
2015-06-19 18:45:19
Sezim.A, саламатсызбы! Катталган күнүңүздөн 100 күн өткөндөн кийин ал бөлүмгө өзүңүздүн ой-пикириңизди жаза аласыз.
0
Sezim.A
2015-06-20 09:41:08
Мага 100кундон ашты окшойт,же адаштымбы,дагы канча убакыт калды мумкунчулук болсо айткылачы сураныч.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан