Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоодо босоголук чекти 7 пайыздан 9 пайызга чейин көтөрүү демилгесин 2-окууда четке какты

Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоодо босоголук чекти 7 пайыздан 9 пайызга чейин көтөрүү боюнча конституциялык мыйзам долбоорун 2-окууда четке какты. Бул мыйзам долбоору конституциялык болгондугунан, 80ден кем эмес "макул" деген добушка ээ болушу керек. Добуш берүүдө 74 депутат "макул", 23 депутат "каршы" деп добуш берди. Жыйынтыгында документ 3-окууга өтпөй калды.
Айта кетсек, аталган долбоорго ылайык, парламенттик шайлоодо республикалык босоголук чекти 7 пайыздан 9 пайызга чейин жогорулатып, ал эми аймактык босоголук чекти 7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүү демилгеленген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан