Жеке менчик акча алмаштыруу жайлары азырынча жабылбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Улуттук банктын төрагасы
Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк бул тууралуу иштеп чыккан мыйзам долбоорун өкмөткө жолдогон, бирок өкмөт кайра карап чыгуу үчүн артка кайтарган.
"Ошондуктан биз кайра иштеп чыгып, 6 айдан кийин кайра өкмөткө жиберебиз. Бирок мыйзам долбоорунда жеке менчик акча алмаштыруу жайларын таптакыр жаап салабыз деген мүдөө жок",- деди Абдыгулов.