"Кыргыз жериндеги чет мамлекеттердин элчилерине Манас ааламын таанытууну салтка айландырышыбыз керек". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев чет өлкөлүк элчилердин Таластагы "Манас Ордо" комплексинде болгон сапарында билдирди. Депутаттын айтымында, кыргыз өлкөсүндөгү бардык элчиликтер демилгени колдоого алышууда, мындан ары кыргыздын тарыхый жана маданий жайларын таанытуу улантылат. "Бул өз кезегинде улуттук маданиятыбызды, баалуулуктарыбызды жайылтууга жана туризмдин өнүгүшүнө шарт түзөт",- дейт Иманалиев.
Иш-чарага АКШнын, Франциянын, Беларустун, Украинанын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Пакистандын, Кореянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөлөрү катышты.
Иш-чаранын соңунда комитет мүчөлөрү кезексиз жыйын өткөрүштү. Жыйында бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору каралып, колдоого ээ болду. Мындан тышкары комитет КРнын Германиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси кызматына Эринес Оторбаевдин талапкерлигин жактырды.
Э.Оторбаев учурда кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министринин орун басары кызматында иштейт.