Ысык-Көл. Ананьеводо жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткенге шектүү кармалды

Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында "Газпром" май куюучу бекетинин жанында 25-30 жаштагы белгисиз адамдын денеси табылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов маалымдайт. Маалыматка ылайык, окуя  5-ноябрь күнү болгон. Ысык-Көл ИИБи тарабынан "Колго түшүрүү" ыкчам иш-чарасы жарыяланып, анын натыйжасында кылмышка шектүү деп 37 жаштагы Кашат айылынын тургуну Мерседес Спринтер автоунаасын башкарган И.С.аттуу адам кармалган. Каза болгон жарандын өздүгү аныкталган учурда ал Жаркынбаев айылында убактылуу жашап жүргөн 25 жаштагы Э.Е. экени белгилүү болгон эле. Кошумчалай кетсек, 2012-жылдын 9 айында облус боюнча айдоочулар окуя болгон жерден качып кеткен 12 жол кырсыгы катталып, алардын ичинен 9 факты  ачылып, кылмыш бетин ачуу 75%ды түзгөн. Аталган жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 9у ар кандай жаракаттарды алышкан.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан