Бишкектин Биринчи Май районунда “Ынтымак бакчасы” аттуу акция өттү

Бишкектин Биринчи Май районунда “Ынтымак бакчасы” аттуу акция өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө балдар жана алардын ата-энелери үчүн Биринчи Май районунун Балдар чыгармачыл борборунун жамааты тарабынан концерттик программа көрсөтүлдү. Мындан тышкары ар кандай чыгармачыл сынактар, оюн-зооктор, мода көрсөтүү, «Fire Show» (от шоусу) жана театрлаштырылган спектакль коюлду. Акция бардык каалоочулар үчүн дискотека менен аяктады. 

Эскерте кетсек, быйылкы жылдын 19-июнунда Д.Асанов атындагы сейил багында “Ынтымак бакчасы” аттуу акция старт алган. Анын алкагында Бишкек шаары боюнча 80 короодо ушундай иш-чаралар өткөрүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан