Парламенттин Коррупцияга каршы күрөшүү комитети 22-июндагы жыйынында "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" мыйзамдын Юстиция министрлиги тарабынан аткарылышын карады. Текшерүүдө аталган министрликте коррупцияга каршы күрөшүү иш-чаралары боюнча ички план жоктугу аныкталганы, кадрдык маселелерде эреже бузуулар бар экени айтылды.
Депутат Анарбек Калматов буларды айтты: "Силерде коррупциялык тобокелчиликтердин зонасы аныкталган эмес. Мындай зоналарга юридикалык жактарды каттоо жана кайра каттоо, нотариус жана адвокаттарга лицензия берүү, түрдүү экспертизаларды өткөрүү маселелери кирет. Министрликте коррупциялык көрүнүштөрдү жоюунун механизмдери болушу керек эле, силерде ал тургай өздүк план иштелип чыккан эмес".
Жыйынтыгында министрликке ишиндеги кемчиликтерди жоюу, коррупцияга каршы күрөшүү планын иштеп чыгуу сунушталды.