Бишкекте балдарды китеп окууга үндөгөн акция өттү

Бишкектин Биринчи Май районунун Көлмө конушундагы №78-мектеп-гимназиясында үчүнчү ирет “Китеп кербени” акциясы болуп өттү. Мэриядан кабарлашкандай, иш-чаранын жүрүшүндө мыкты сүрөт, көркөм окуу, “Табышмактар дүйнөсүндө” жана “Керемет талаа” билим берүүчү сынактары уюштурулуп, стол тенниси жана спорттук оюндар өткөрүлдү.

Чакырылгандар үчүн Биринчи Май районунун Балдар чыгармачылык борборунан концерттик программа тартууланды. Бардык катышуучуларга англис тил сабактарын камтыган дисктер, китеп, калем сап, альбомдор жана башка белектер тапшырылды. “Китеп кербени” балдарды китеп окууга үндөө максатында өткөрүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан