Жогорку Кеңеш "Кумтөрдө" мөңгүнү талкалоого уруксат берүүчү документти 25-июнда талкуулайт

Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши парламенттин 24-25-июнь күндөрүндөгү жыйындарынын күн тартибин бекитти.

24-июнда Жогорку Кеңеш “Билим берүү жөнүндө”, “Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине", "КРнын Турак жай кодексине", "КРнын Жазык-процесстик кодексине", “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору жана “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, "Баткен эркин экономикалык зонасы жөнүндө" мыйзам долбоорлорун карайт.

25-июнда “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө”, “Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө” мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору менен бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору каралмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан