Cоциалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо ишин өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

24-июнда Жогорку Кеңеште социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо ишин өркүндөтүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Социалдык фонддун берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү иш-чараларынын планынын алкагында иштелип чыккан. Ага ылайык, Социалдык фонддун камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу милдети башка мамлекеттик органга жүктөлөт, ал орган өкмөт тарабынан аныкталууга тийиш.

Маалым болгондой, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планына ылайык, пилоттук долбоордун алкагында камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Мамлекеттик салык кызматы аныкталууда. 

 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан