Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы митинг өттү. Бул акция алдын ала белгиленгендей, саат 9:00дө башталып, 11:00дө аяктады. Ак үйдүн алдына жалпысынан 200дөй адам келгени байкалды, бирок булардын бир тобу иш-чараны чагылдырган журналисттер жана операторлор болушту.
Митингчилер "Конституциянын күчү туруктуулукта!", "Конституцияны зордуктабагыла!", "Баш аламандыкка жол жок!", "Өлкөнү сатпа!" сыяктуу сөздөр жазылган плакаттар менен чыгышты. Ошондой эле акциянын айрым катышуучулары Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы кызматтан кетирбөө талабын айтышып, бул демилгени колдоого кол топтоону башташты. Алар бул демилгесин "К.Сооронкулова биометрикалык маалыматтарды чогултуу Конституцияга туура келбегенин айтканы үчүн кызматтан кетиши мүмкүн" деп түшүндүрүштү.
Акция жүрүп жатканда Ак үйдө салтанаттуу иш-чара өтүп жатты. Президент Алмазбек Атамбаев 5 чет мамлекеттин элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алып жаткан.
Митинг аяктаганы жатканда катышуучулардын ортосунда пикир келишпестик орун алды. Айрымдар Ак үйдү айланууну сунушташса, башкалар тарап кетүү керектигин билдиришти. Жыйынтыгында митингчилердин жарымы Жогорку Кеңештин имаратын айланууну чечишти. Алар имаратты айланып, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген депутаттар Феликс Куловдун, Өмүрбек Текебаевдин, Чыныбай Турсунбековдун митингчилердин алдына чыгуусун талап кылышып, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевди "кызматтан кет" деп айтышты. Бирок митингчилердин талабы сөз бойдон калды.
Ошентип, нааразычылык акция Апрель окуясында курман болгондорго арналган монументтин алдында саат 11:00дө аяктады. Митингчилер "дагы ушундай акцияларды өткөрөбүз" деп журналисттер менен коштошту.
Айта кетсек, кечээ, 23-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин колдогон. Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум менен парламенттик шайлоо бир күндө өтүшү мүмкүн.