23-февраль күнү Кытайдын Гонконг шаарында өткөн Азия чемпиондугунда кыргызстандык атлет Юлия Андреева коло медаль алды. Белгилүү болгондой, бул мелдешке катышкан спортчулар 42 чакырым 195 метр аралыкка чуркашып, анда мекендешибиз Юлия Андреева марага 2 саат 39 мүнөт 49 секундда жетип келген. Ал эми бул мелдештен, 1-орунду кытайлык Кум Ок Ким ээледи. Ал 2 саат 32 мүнөт 21 секундда марага келген.