Жантөрө Сатыбалдиев Чоң-Алай районундагы кен иштеткен ишкана менен таанышып чыкты
Кечээ Ош облусунда иш сапары менен жүргөн өкмөт башчы
Жантөрө Сатыбалдиев
Чоң-Алай районундагы алтын, коргошун, темир иштеткен "ГИК "Кайди" ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган компаниянын жетекчиси Ван Кун Ван ишкана 3 жылдан бери иштеп келе жатканын, учурда иштетилип жаткан 2 алтын кенинде 700 килограмм алтындын кору бар экенин жана кен иштетүүдө Чоң-Алай районунун 70 тургуну иштеп жатканын айтты. Өкмөт башчы өз учурунда ишкана жетекчисин КРнын мыйзамдарын сактап иштөөнү, жергиликтүү жашоочулар менен тыгыз иштешүү талабын айтты.