Ысык-Көл. Ак-Суу районунда окуучулар арасында өткөн республикалык волейбол мелдешин "Салам-Алик" жеңип алды

Ак-Суу районунун Челпек айылында 2-5-ноябрда волейбол боюнча мелдеш болуп, өлкөнүн бардык облустарынан  жана Бишкек шаарынан келген жаш спортчулар таймашышты. Бул тууралу Ак-Суу райондук Дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адиси Рысбек Султанбеков билдирди. Маалыматка таянсак, мелдеш мектеп окуучулар арасында өткөрүлдү. Жыйынтыгында борбор шаардан келген “Салам Алик” командасы 1-орунга ээ болуп, байгеге 12 миң сом алышты. 2-орунду ээлеген Бишкек шаарынан келген “Динамо Жаштык” командасына 8 миң сом ыйгарылса, 3-орунга арзыган Барскоон айылынын командасы 5 миң сом акчалай утушка ээ болду. Андан тышкары 8 номинация боюнча мыкты оюнчулар аныкталып, кубок жана медалдар да тапшырылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан