Жылнаама, 27-июнь: Мындан 135 жыл мурун 19 айлык кезинде көзү көрбөй, кулагы укпай, дудук болуп калган америкалык жазуучу Хелен Адамс Келлер төрөлгөн

* Мындан 61 жыл мурун, 1954-жылы тапанчадан ок атуу боюнча Олимпиада чемпиону Александр Мелентьев Пенза шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунан "машыктыруучу-мугалим" адистигин алган. Ал Эл аралык класстагы спорттун чебери, СССРдин Спортко эмгек сиңирген ишмери, 1980-жылкы Олимпиада оюндарынын тапанчадан ок атуу боюнча чемпиону болгон. Мелентьев - дүйнөнүн 8 жолку, Европанын 7 жолку чемпиону, Европа чемпиондугунун 2 жолку күмүш байгесинин ээси, СССРдин 13 жолку чемпиону. Дүйнө жана Европанын рекордчусу, жеке командалык эсеп боюнча СССРдин рекордчусу да болгон. 
Александр Мелентьев 2015-жылы 16-февралда 62 жашында Бишкекте каза болгон.
 
* Мындан 135 жыл мурун, 1880-жылы америкалык жазуучу Хелен Адамс Келлер АКШнын Алабама штатындагы Таскамбия шаарында төрөлүп, 1968-жылы 1-июнда 87 жаш курагында көз жумган. Ал 19 айлык  кезинде жугуштуу оору менен жабыркап, күчөп кетип, натыйжада көзү көрбөй, кулагы укпай, дудук болуп калган. 
Хелен 7 жашка толгондо Энн Салливан аттуу мугалим аны окутуунун, башкача айтканда, сабатын жоюунун ыкмасын ойлоп тапкан. Ошентип, Хелен жогорку билимге ээ болуп, атуулдардын эркиндигин коргоо боюнча Америка биримдигинин негиздөөчүсү болгон. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргогону үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Жазуучу катары ондогон китептердин автору.
* Мындан 44 жыл мурун, 1971-жылы Непалдын падышасы Дипендра Бир Бикрам Шах төрөлгөн. Ал 2001-жылы 1-июнда тамактануу учурунда ата-энесин жана жакындарын атып өлтүргөн. Расмий эмес маалыматтарга караганда, Дипендрага үйлөнүү үчүн апасы сунуштаган кызы жакпай калган. Апасынын тандоосун четке кагып, атасы Бирендраны, апасын, агасы менен карындашын атып салган.
* Мындан 32 жыл мурун, 1983-жылы орусиялык ырчы Алсу Орусиянын Бугульма шаарында төрөлгөн. Ырчынын толук аты-жөнү - Алсу Ралифовна Сафина. Ал "Зимний сон", "Всё равно" ж.б. ырлары менен белгилүү болгон. Ырчы 2000-жылы "Татарстан Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", 2010-жылы "Татарстан Республикасынын Эл артисти" наамдарына ээ болгон. 2000-жылы Алсу Орусиянын атынан "Евровидение" сынагына катышып, 2-орунга татыган.
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Исландияда окшош жыныстуулардын үйлөнүүсүнө уруксат берген мыйзам чыккан. Ошол эле күнү аталган өлкөнүн премьер-министри Йоханна Сигурдардоттир алгачкылардан болуп расмий түрдө окшош жыныстуу жарандык никеге турган.
27-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан