"Эркечтам" чек ара бекетин оңдоого 200 миң сом бөлүнөт

Кечээ Кыргыз-Кытай чек арасында жайгашкан "Эркечтам" чек ара заставасына барган премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев аталган чек ара заставасын капиталдык ремонттон өткөрүүгө бир айдын ичинде 200 миң сом бөлүнө турганын айтты. "Өкмөт кыйынчылыктарга карабай, өлкө чек арасын кайтаруунун эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн чек арачыларга керектүү болгон бардык шарттарды түзүп берет. Албетте, бир заматта эле бардык көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүн эмес. Бара-бара чечилет",- деди премьер-министр. КРнын Чек ара кызматынын жетекчиси Закир Тиленов бул застава 1924-жылы түзүлгөнүн, учурда чындап эле капиталдык оңдоого муктаж экенин белгиледи. Эске сала кетсек, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунда иш сапары менен жүрөт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан