Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында өкмөт “Кумтөр” долбоорунун ишине байланыштуу маалымат берип жатат. Премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, учурда канадалык "Центерра" ишканасы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. "Алдын ала жооптор келүүдө, бирок кат жүзүндө бир да жооп келе элек. Азыркы тапта "Кумтөр" маселесин чечүүчү 2 жол бар. Биринчиси - үлүштү 50х50 пайыздан бөлүп, бирок кыргыз тарап койгон шарттарды эске алуу менен баруу. Экинчиси - кыргыз тараптын үлүшүн 33 пайыз бойдон калтырып, өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүздөн пайдаланып, экономикалык, каржылык жана башка маселелерди бизге пайдалуу кылып чечишибиз керек",- деди өкмөт башчы.
Айта кетсек, буга чейин өкмөт "Центерра" менен "Кумтөрдөгү" үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү шартында биргелешкен ишкана түзүү келишимине токтолушкан. Бирок экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул макулдашуу кыргыз тарапка пайдасыз экенин таап, кол койбогонуна "туптуура кылыппыз, бизди Кудай сактаптыр" деп жарыялаган.