Коомдук ишмер: “Өлкөдө болуп жаткан жаратылыш кырсыктары Тарых музейинде жаткан мумияга байланыштуу”

“Өлкөдө болуп жаткан жаратылыш кырсыктары Тарых музейинде жаткан мумияга байланыштуу”,- дейт коомдук ишмер, публицист Мелис Арып-Бек бүгүн, 1-июлда маалымат жыйынында. Анын айтымында, Бишкектеги Тарых музейинде 60 жылдан бери сакталып турган мумиянын жаны өлкөдө болуп жаткан катаклизмдерге таасирин тийгизүүдө.

1955-жылы археолог Юрий Баруздин Баткен облусунун Кара-Булак айылында аял жана эркектин 2 мумиясын казып чыккан. Эркек мумия топуракка айланган, ал эми аялдын денеси Тарых музейине жеткирилген. Мындан тышкары алтын жана башка баалуу буюмдар таланып жоголгон, кайсы бир бөлүгү Орусиянын музейлерине жеткирилген.

60 жылдан бери ал Анфиса аттуу мумиянын жаны көзү ачыктар аркылуу бизге кайрылып, өзүнүн көмүлгөн Баткен жерине жеткирүүнү суранууда. Айта кетсем, Анфиса Аманхатеп фараондун эң жаш үчүнчү аялы болгон. Аны улуу эки аялы уу берип өлтүрүшкөн экен. 

Биздин археологдор ага Япониядан антропология жана генетикалык анализ жасатууну аракет кылышууда. Ал качан жасалары белгисиз.  

Биз бул мумияны жерге бермейинче өлкөбүздө ар кандай жаратылыш жана башка кырсыктар көбөйүп кете берет. Жакында катуу шамалдан эки адамдын жаны алынды. Баткен, Ош облустарынын чек ара аймактарында ай сайын эле чыр-чатактар чыгып, адамдар ит атылгандай атылууда. Мунун баары токтойт, эгер Анфисанын мумиясы мурдагы жаткан жерине жеткирилсе”,- дейт коомдук ишмер. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bba123
2015-07-01 13:16:38
Доорубочу дебептирда журналисттер..
+1
kadamjai90
2015-07-01 13:24:16
Тобаа кинодогудайго
+2
zman53
2015-07-01 13:39:22
Кебетен эле айтып турат шарлатан экенин.
+3
doni89
2015-07-01 13:50:49
Кандай гана кырсык болбосун биригана он сегизмиң аааламды жараткан аллахтаалам тарабынан болот.
+7
kubat_1973
2015-07-01 14:22:05
Дал ушу озундой шарлатандардын айынан болуп жаткан жокпу бир эле кыргызстандагы эле эмес дуйно жузундогу катаклизмдер.Бул жомогуна озун эле ишенбесен детсаддынбалдары да ишенбейт.Кудайдын кудуретисиз кумурсканын буту сынбайт дегендей баардык нерсе жамандык да жакшылык да кудайдан.А сага окшогондордун айткан жомогу суу кечпейт.
+4
kubat_1973
2015-07-01 14:29:05
Жон эле женесинин соогунон беш бетер айтыптыр го Мелис акебиз.Анфиса деп учунчу аялы деп жон эле фараонго чогуу ала качып келгендей суйлоптур. суйлогондо да кичине кудайды караш керек да.Ужас кинодо да мындай нерсе чанда болот.Эгер музей уруксат берсе муфтияттан бир молдону мэр читта барып жаназасын окутуп коомуп кыргызды сактап кала кор акеси.Бул жакшылыгынды эки дуйнодо унутпайт кыргыз Эли.
+3
Drongo
2015-07-01 15:05:22
kubat_1973,Байке аябай кулдурдунуз го.А бирок азамат экенсиз,соз менен жыгып.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан