Кыргыз мамлекетинде тамеки тармагы жок болбойт. Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевге шилтеме берүү менен министрликтин маалымат кызматы бүгүн, 1-июлда билдирди.
“Белгилүү компаниянын тамеки албай калганына байланыштуу быйыл тамеки өстүрүү кыскарды. Бирок ишкана келерки жылдан тарта кайра тамеки аларын расмий билдирди. Аларда кайра иштетүү үчүн 1 жылдык запасы бар болгондуктан, быйыл тамеки кабыл алууну токтотту. Бул тууралуу тамеки өндүрүүчүлөргө да эскертилген. Фермерлерге айтып түшүндүрүлсө да, өздөрү үйрөнгөн ишин жасай беришет. Мисалы, 2013-жылы төө буурчак кымбат болду, бирок 2014-жылы абдан арзандап кетти. Бул нерсе тамеки өндүрүүчүлөргө да тийиштүү. Евразия экономикалык биримдигине кошулсак, тамеки өндүрүшүндөгү жагдай өзгөрүшү мүмкүн. Бул продукцияны алууну каалаган орусиялыктар көп. Ошондуктан тамеки тармагы жок болбойт”,- деди Айдаралиев.
Министр тамеки ишине балдарды аралаштырбоо керектигин белгилеп, бул үчүн өндүрүштү толук автоматташтыруу зарылдыгын айтты.