Асылбек Жээнбеков "педофилдерди өлүм жазасына тартуу - туура демилге" дейт

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков "жашы жете элек балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган адамдарды өлүм жазасына тартуу - туура демилге" деген пикирде. Мындай оюн ал бүгүн, 1-июлда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында айтты.
"Баарыңардын балдарыңар бар. Аларды педофилдерден коргоо керек. Ошондуктан өлүм жазасы туура жол, бирок ошол эле учурда башка кылмыштар боюнча өлүм жазасына тартууга зарылчылык жок. Өтө оор кылмыштар боюнча өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы эң туура деп ойлойм",- деген оюн билдирди төрага.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан