Экономика министри Олег Панкратов 1-июлда Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчилигине караштуу Соода-экономикалык маселелер боюнча бөлүмүнүн өкүлү Сунь Хэ менен жолугушту. Тараптар тышкы экономикалык ишмердүүлүк боюнча быйыл 23-сентябрда өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин министрлер кеңешмеси тууралуу сүйлөшүштү. ЕАЭБдин алкагында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана башка маселелер да талкууланды.
Кытай тарап тийиштүү макулдашуунун алкагында бардык милдеттерди талапка ылайык ишке ашырууну убадалаганын билдирет Экономика министрлиги.