Бүгүн, 2-июлда Кара-Суу районунда таза суу чыгарып берүү талабы менен
тургундар митингге чыгышкан эле. Бул боюнча
SUPER.KG порталына Калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоо жана агындыларды өркүндөтүү департаментинин Ош облустук бөлүмүнүн башчысы
Сопубек Каракожоев: "Отуз-Адыр айылынын тургундарын суу менен камсыз кылууга багытталган долбоор беш жыл мурун башталып, кийин токтоп калган",- деп билдирди.
Анын айтымында, таза суу менен камсыз кылуу долбооруна керектелчү каражат 2010-жылы 34 миллион сомго эсептелген. Бир жылдан кийин кайрадан эсептешип, 44 миллион сом керек экендигин долбоордун ээлери айтышкан.
"Каражаттын жоктугунан улам таза сууну алып келе турган программа белгисиз мөөнөткө токтоп калган. Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө 2-3 күн мурун суу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Демөөрчүлөр табылып же өкмөт акча бөлүп калса, 11 айылды суу менен камсыз кылууга аракет кылабыз",- деди Каракожоев.