Бүткүл дүйнөлүк бажы уюму түрк тилдүү мамлекеттерди мыйзамсыз соода менен күрөшүүгө чакырууда

Бүгүн, 2-июлда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Түрк тилдүү мамлекеттердин  кызматташтык кеңешинин Бажы кызматтарынын жетекчилеринин IV жолугушуусу өтүп жатат.
Анын жүрүшүндө Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун башкы катчысы Кунио Микурия түрк тилдүү мамлекеттерди мыйзамсыз соода менен күрөшүүгө чакырды. 
"Түрк тилдүү мамлекеттердин экономикалык кызматташтыгы туура нукта өнүгүп жатат. Буга тарыхый, маданий байланыштар көмөк көрсөтүүдө. Өлкөлөр мындан да мыкты өнүгүшү үчүн дагы салым кошуу керек. Бирге иш алып баруу ар бир мамлекеттин экономикалык атаандаштыкка туруштук берүүсүнө жардам берет. Ошондой эле мындай иш жүргүзүү бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берет",- деди Микурия.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан