Атайын комиссия Молдовановкадагы түрмөнүн, анда отургандардын абалын көрдү

Бүгүн, 2-июлда мекемелер аралык комиссия Молдовановка айылындагы №1-түзөтүү мекемесинин жана Бишкек шаарындагы №21-тергөө изоляторунун абалын көрдү. Көчмө жыйында комиссия мүчөлөрү соттолгон жарандарга арналган атайын комплекстин курулушу жана абактагылардын азыркы абалы менен таанышышканын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. "Комиссияга өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалган жайды, соттолгондорду лагердик типте кармоо шарттарын көрсөтүштү. Мындан ары келечекте атайын комплекс курула турган жер тилкесин аныктоо пландалууда",- деп билдирет мекеме. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан