Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-июлда Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды. Жолугушууда президент Кыргыз Республикасында жасалып жаткан реформалар, адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин бекемделиши, коррупция менен күрөшүү, шайлоолорду ачык жана таза өткөрүү, диний тармак боюнча мамлекеттик саясат тууралуу маалымат берди. Тараптар Алмазбек Атамбаевдин Европа өлкөлөрүнө жасаган иш сапарында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу тууралуу да пикир алышканын президенттик аппараттан билдиришти.
"Евробиримдиктин өкүлү кыргыз өлкөсү таза шайлоо өткөрүү боюнча аймакка үлгү көрсөткөнүн, кыргыз жеринде ишке ашырылып жаткан реформаларды токтотпоо зарылдыгын белгиледи. Алмазбек Атамбаевге Европа кеңешинин төрагасы Дональд Тусктун саламын жана каалоо-тилегин айтты",- деп айтылат маалыматта.